Sign in
Sign in
Sign in
Select Language
041

Fussilat 41:34 ولا تستوي الحسنة ولا السيية ادفع بالتي هي احسن فاذا الذي بينك وبينه عداوة كانه ولي حميم ٣٤

41:34
وَلَا
تَسۡتَوِي
ٱلۡحَسَنَةُ
وَلَا
ٱلسَّيِّئَةُۚ
ٱدۡفَعۡ
بِٱلَّتِي
هِيَ
أَحۡسَنُ
فَإِذَا
ٱلَّذِي
بَيۡنَكَ
وَبَيۡنَهُۥ
عَدَٰوَةٞ
كَأَنَّهُۥ
وَلِيٌّ
حَمِيمٞ
٣٤
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.
Continue Reading

Read Tafsir

Ibn Kathir (Abridged)

The Virtue of calling Others to Allah

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلاً مِّمَّن دَعَآ إِلَى اللَّهِ

(And who is better in speech than he who invites to Allah,) means, he calls the servants of Allah to Him.

وَعَمِلَ صَـلِحاً وَقَالَ إِنَّنِى مِنَ الْمُسْلِمِينَ

(and does righteous deeds, and says: "I am one of the

…

The Virtue of calling Others to Allah

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلاً مِّمَّن دَعَآ إِلَى اللَّهِ

(And who is better in speech than he who invites to Allah,) me

…
More Tafsirs

Read in Context

Chapter 41, Page 480, Juz 24

33. Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар? 34. Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат. 35. Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет. 36. Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле! Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү! 37. Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор! 38. Эгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат. 39. Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен дагы бири, сен жерди куп-кургак (өлүк сыяктуу кунарсыз) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрсөк козголуп, көөп чыгат (жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өндүрө баштайт). Жерди (ушинтип) тирилткен Кудай өлүктөрдү да тирилте алат. Ал ар кандай нерсеге Кудуреттүү! 40. Биздин аяттарыбызга мулхид болгон адамдар Бизден жашына алышпайт! (Мулхид болуп) тозокко ташталган адам жакшыбы же Кыяматта аман-эсен келе турган адамбы? (Эй, мушриктер, бардыгын угуп-билип алдыңар. Эми) каалаган ишиңерди жасай бергиле! Ал силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү. 41. «Өздөрүнө келген убакытта Зикирге (Куранга) каапыр болгон адамдар (катуу азапка дуушар болушат). Чынында, ал Ыйык Китеп. (Анткени), 42. Анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал (Куран) Даанышман, Макталган (Аллах) тарабынан түшүрүлгөн». 43. Сага мурунку пайгамбарларга айтылган сөздөрдөн ашыкча сөз айтылган жок. Чынында, Сенин Раббиң (тообо кылгандарды) Кечиримдүү жана (тообо кылбаган каапырларды) Азаптоочу! 44. Эгер Биз аны арабча эмес Куран кылганыбызда (араб мушриктери): «Анын аяттары түшүнүктүү болсо болмок! Арабча эмес бекен?! (Мухаммад өзү) араб эмес беле?!» дешмек. Айткын: «Бул (Куран) ыймандуу адамдарга туура жол жана шыпаа, ал эми кулактарында дүлөйлүк бар (себептүү) ага ыйман келтирбеген адамдар үчүн сокурлук (болот). Алар алыс жерден чакырылган адамдар (сыяктуу Куранды угушпайт)».

- Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov

Notes and Reflections

You do not have any notes or reflections on this verse.

Notes placeholders

Stay Connected to the Quran ❤️

Short meaningful reminders to reset, reflect and stay connected to the Quran.

Read, Listen, Search, and Reflect on the Quran

Quran.com is a trusted platform used by millions worldwide to read, search, listen to, and reflect on the Quran in multiple languages. It provides translations, tafsir, recitations, word-by-word translation, and tools for deeper study, making the Quran accessible to everyone.

As a Sadaqah Jariyah, Quran.com is dedicated to helping people connect deeply with the Quran. Supported by Quran.Foundation, a 501(c)(3) non-profit organization, Quran.com continues to grow as a free and valuable resource for all, Alhamdulillah.

Navigate
Home
Quran Radio
Reciters
About Us
Developers
Product Updates
Feedback
Help
Donate
Our Projects
Quran.com
Quran For Android
Quran iOS
QuranReflect.com
Quran.AI
Sunnah.com
Nuqayah.com
Legacy.Quran.com
Corpus.Quran.com
Non-profit projects owned, managed, or sponsored by Quran.Foundation
Popular Links
Duas from the Quran
Quran Verse of the Day
Ayatul Kursi
Yaseen
Al Mulk
Ar-Rahman
Al Waqi'ah
Al Kahf
Al Muzzammil
SitemapPrivacyTerms and Conditions
© 2026 Quran.com. All Rights Reserved
Contribute